Диалогду жана өз ара ишенимди чыңдоонун ордуна дүйнө конфронтацияны күчөтүү жолуна түшүп, бул ядролук жаңжал коркунучун күчөтүп жатат деп эсептейт Токаев.
Ядролук жаңжал коркунучу жогору экенин Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Астанада өткөн VIII Дүйнөлүк дин лидерлеринин съездинде билдирди деп жазат Tengrinews.
«Ядролук жаңжал коркунучу тынчсыздандырууда. Мындай Армагеддондун ыктымалдыгы акыркы ондогон жылдардагы эң жогорку деңгээлде деп эксперттер тарабынан бааланууда. Тилекке каршы, дүйнөдө конструктивдүү демилгелердин жана чыңалууну азайтуу саясатынын ордуна конфронтациялык ой жүгүртүү күчөп, геосаясий жаракалар кеңейип, социалдык чыңалуу өсүүдө», — деди президент.
Токаев мындай кырдаалда дипломатия менен диалогдун ролун баса белгилеп, өз ара ажырымды жоюу жана эл аралык аренада ишенимди жогорулатуу зарылдыгын айтты. Ошондой эле президент дүйнөнүн «хаос чуңкуруна түшүп кетишин» токтотуу үчүн дин лидерлерине үмүт артканын, алар саясатчыларга акыл-эсти, жакшы ниетти жана моралдык жоопкерчиликти эске салуусу керектигин белгиледи.



















