Өзбекстандын Владивостоктогу Башкы консулдугу Приморьеде бир катар өзбек жарандарына кол салуу фактысы боюнча орус бийлигине расмий нота жөнөттү. Бул тууралуу башкы консул Юсуп Кабулжанов жарыялаганын «Фергана» сайты жазды.
Маалыматка ылайык, өзбек жарандарына кол салуу 10-сентябрга караган түнү болгон. Тергөөнүн версиясында, мас абалдагы жаш өспүрүмдөр автоунааны талкалап, анын ичине газ чачып, жүк ташуучу автоунаанын айдоочусуна кол салышкан. Андан кийин алар дүкөндө дагы бирөөнү сабап, улутуна акаарат келтиришкен. Ошондой эле таксист менен анын жүргүнчүсүнө жана көчөдөн өтүп бараткан адамдарга таш жана ар кандай буюмдар менен кол салышканы кабарланууда.
Окуя боюнча Орусиянын Тергөө комитети «бейбаштык» беренеси менен иш козгоду. Шектүүлөрдүн баары аныкталды: учурда бирөө кармалса, калган экөө издөөдө жүрөт.
Башкы консул Кабулжановдун айтымында, Өзбекстандын консулдугу жабыркагандарга юридикалык жардам көрсөткөн жана алар Владивосток полициясына арыз менен кайрылышкан. Учурда бул маселе Өзбекстандын дипломатиялык өкүлчүлүгүнүн жана орус укук коргоо органдарынын көзөмөлүндө турат. Ошол эле маалда дипломат социалдык тармактарда шектүүлөргө карата өз алдынча чара көрүү чакырыктарына жол бербөөгө үндөдү.
Белгилей кетсек, бул Өзбекстандын Москвага кайрылган алгачкы нотасы эмес. Буга чейин, сентябрдын башында, Өзбекстан Тышкы иштер министрлиги Подмосковьедеги Химки шаарында өзбек таксистине орусиялык жаран улуттук негизде акаарат айткан окуя боюнча дагы расмий нааразылык билдирген.



















