Алымбек датканын 225 жылдык мааракесине арналып өткөрүлгөн Эл аралык айтыштын жыйынтыгы чыгып, баш байгенин ээси аталган Чыңгызхан Кожошев Ош шаарынан бир бөлмөлүү батирдин ээси болду.
Алай районунун Калама жайлоосунда өткөн айтыштын жалпы байге фонду 6 млн сом болгон. Бул иш-чара кечээ 11-сентябрда башталып, анда тандоо туру өткөн.
Акындар алгач алым сабак форматында айтышып, жыйынтыгында 16 кыргыз акыны иргелип чыккан. Жарым финалда алар 4 казак акыны менен күч сынашты. Андан соң калыстар тобу тарабынан упай эсебинин негизинде жогорку көрсөткүчкө жеткен 8 акын финалдык турга жолдомо берди.
Жыйынтыгында:
• 3-орун – Жылдызбек Төрөканов (200 миң сом),
• 2-орун – Кутман Садыбакасов (300 миң сом),
• 1-орун – Изат Айдаркулова (500 миң сом) болуп бөлүштүрүлдү.
Жеңүүчүлөргө сыйлык тапшыргандар Мамлекеттик катчы Марат Иманкулов, Ош облусунун башчысы Эльчибек Джантаев, Жогорку Кеңештин депутаттары калган катышуучуларга да акчалай белектерди беришти.















