Казакстандын “Продкорпорациясынын” өкүлдөрү Кабулга барып, ал жерде Афганистан менен Казакстандын ортосунда ишкердик жолугушуу өткөрүлдү. Бул тууралуу “Sputnik Казакстан” сайты жазды.
Иш-чарага Афганистандын өнөр жай жана соода министри Нуруддин Азизи, Казакстандын Кабулдагы иштер боюнча убактылуу ишенимдүү өкүлү Газиз Акбасов, Казакстандын «Азык-түлүк контракттык корпорациясынын» башкармалыгынын төрага орунбасары Самат Теньбаев, ошондой эле афгандык ишкерлер, инвесторлор жана жеке сектордун өкүлдөрү катышты.
Афганистандын өнөр жай жана соода министрлигинин маалымат кызматы билдиргендей, сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында жалпы көлөмү 133 миллион доллардан ашкан соода келишимдерине кол коюлду.
Иш-чарада Нуруддин Азизи Ооганстан менен Казакстандын соода тармагында зор экономикалык жана бири-бирин толуктап турган потенциалы бар экенин айтты.
“Ислам Эмиратынын өнөр жай жана соода министрлиги эки өлкө ортосундагы соода көлөмүн 3 миллиард долларга чейин жеткирүү үчүн зарыл шарттарды түзүүгө аракет кылат. Бул багытта соодагерлерге жана инвесторлорго кошумча жеңилдиктер берилет”, – деди ал.
Атап айтканда, Афганистан Казакстандан 600 миң тонна азык-түлүк чийки затын сатып алууну пландаштырууда. Анын ичинде ун, буудай жана май берүүчү өсүмдүктөр – рапс менен соя бар.



















