Хоакин Феникс, Эмма Д’Арси, Эрик Андре, Руни Мара, Гай Пирс, Эндрю Гарфилд, Эмма Стоун жана Эллиот Пейдж сыяктуу көптөгөн белгилүү инсандар да биргелешкен билдирүүгө кол койду.
Дүйнөгө белгилүү актёрлор, режиссерлор жана продюсерлер, алардын арасында «Оскар», BAFTA, «Эмми» жана Канн кинофестивалынын лауреаттары бар, Палестина элине каршы геноцид жана апартеид кылмыштарына тиешеси бар израилдик кино уюмдары (фестивалдар, кинотеатрлар, басмаканалар жана продюсердик компаниялар) менен кызматташуудан баш тарткандыгы тууралуу биргелешкен билдирүүгө кол коюшту. Бул билдирүүгө 4 миңден ашуун адам кол койду.
8-сентябрда аталган документке 1300дөн ашуун адам кол койгону жарыяланган, алардын арасында белгилүү актерлор Оливия Колман, Марк Руффало, Риз Ахмед, Тильда Суинтон, Хавьер Бардем жана Сьюзан Сарандон, ошондой эле режиссерлор Йоргос Лантимос, Ава ДюВерней жана Адам Маккей болгон. Кыска убакыттын ичинде бул документти колдогондордун саны 4 миңден ашып кетти.
Хоакин Феникс, Эмма Д’Арси, Эрик Андре, Руни Мара, Гай Пирс, Эндрю Гарфилд, Эмма Стоун жана Эллиот Пейдж сыяктуу көптөгөн белгилүү инсандар да бул биргелешкен билдирүүгө кол коюп, израилдик кино компаниялары менен иштешүүдөн баш тартканын жарыялашты.
Билдирүүдө кинопродюсерлер, актёрлор, кино тармагынын кызматкерлери жана уюмдар коомдук пикирди калыптандырууда кинонун күчүн түшүнүшөрү белгиленип:
«Бул чечүүчү учурда, көптөгөн өкмөттөр Газага каршы массалык кыргынды колдоп жатканда, биз бул кыргындын шериги болбоо үчүн колубуздан келгендин баарын кылышыбыз керек», – деп айтылат.
Билдирүүдө Эл аралык Сот (ЭС) Газадагы геноцид коркунучун «акылга сыярлык» деп таанып, Израилдин палестин аймактарын басып алуусу жана апартеидди колдонушу мыйзамсыз экенин белгилегенин эске салып, бардык адамдар үчүн теңдикти, адилеттүүлүктү жана эркиндикти коргоо терең моралдык милдет экени баса белгиленет.
«Дал ушундай эле биз азыр палестин элинин эзилүүсүнө каршы үнүбүздү көтөрүшүбүз керек», – деп айтылган билдирүүдө палестиналык кинематографисттер эл аралык кино индустриясын өзүнүн унчукпай отуруусун токтотууга жана палестиналыктарга карата адамгерчиликсиз мамилени жана расизмди айыптоого чакыраары айтылат.
Актёрлор, режиссерлор, «Оскар», BAFTA, «Эмми» жана Канн фестивалынын лауреаттары, ошондой эле кинематографисттер, редакторлор жана кино программалоочулар кол койгон биргелешкен билдирүүдө төмөнкү сөздөр келтирилген:
«Түштүк Африкада өз тасмаларын көрсөтүүдөн баш тарткан «Апартеидге каршы кинематографисттер» уюмунан шыктанып, биз израилдик кино уюмдары (фестивалдар, кинотеатрлар, басмаканалар жана продюсердик компаниялар) менен кызматташуудан баш тартууга, алардын иш-чараларына катышпоого жана алардын тасмаларын көрсөтпөөгө милдеттенебиз».


















