Тегеранда Мухаммед Пайгамбардын (с.а.в.) төрөлгөнүнө 1500 жыл толгондугуна жана ислам динине арналган 39-Эл аралык Ислам биримдиги конференциясы башталды.
Иш-чара 8-10-сентябрь күндөрү өтөт. Ага ислам дүйнөсүнөн 80 көрүнүктүү аалым, 210 конок жана 2800 активист катышууда.
Ирандын президенти Масуд Пезешкиан ачылыш аземинде сөз сүйлөдү. Быйылкы жыйында ислам дүйнөсүнүн алдында турган маселелерди, анын ичинде ички көйгөйлөрдү чечүү үчүн атайын комиссия түзүлдү.
Үч күндүк иш-чаранын алкагында чет өлкөлүк катышуучулар Ирандын илимий жана аскердик жетишкендиктери менен таанышууга да мүмкүнчүлүк алышат.
Азыркы глобалдык шарттарда аялдарга жасалган ашыкча басым жана атаандаштардын балдарга таасир этүү аракеттери эске алынып, конференцияда бул коркунучтарга каршы күрөштө аялдардын жашоодо өтө маанилүү ролун талкуулаган атайын комиссиялар иштейт.


















