CAFA Nations Cup-2025 турниринин 3-туру Ташкент жана Душанбе шаарларында чоң кызыгуу менен өтүүдө. Бул турнир аймактын эң күчтүү курама командаларынын мүмкүнчүлүктөрүн көрсөтүү менен өзгөчөлөнөт.
“В” тайпасындагы үчүнчү оюнда Тажикстан менен Ирандын курама командасы оюн талаасына чыгып, беттеш курч жана кызыктуу өтүп, көрүүчүлөргө чоң ырахат тартуулады. Беттештин жыйынтыгы 2:2 болуп, тең чыгуу менен аяктады. Бирок 7 упайга ээ болгон Иран тайпада биринчи орунду ээлеп, финалга өттү.
Ал эми тажик футболчулары 4 упай менен тайпада 3-орунду ээледи. Бирок алар Индия менен болгон беттеште жеңилүү ызасын тартып, кийинки турга өтө албай калышты. Индия курамасы 3-орун үчүн беттешери белгилүү болду.
Ирандын курама командасынын машыктыруучусу Амир Галенои шакирттери биринчи таймда оюнду толугу менен көзөмөлдөп, бир нече мүмкүнчүлүктөрдү жарата алышты. 38-мүнөттө Мохаммадмехди Иранга алгачкы голду алып келди. Экинчи тайм башталары менен эле, 47-мүнөттө Мохаммадмехди Мохеби дубль жаратып, Тажикстандын дарбазасын экинчи ирет бузду.
Тажиктер өзүнүн биринчи голун 55-мүнөттө киргизишти. Алгач калыс голду эсепке алган жок, бирок VAR текшерүүсүнөн кийин гол таанылды. Голдон кийин Тажикстан кысымды күчөтүп, акыры 77-мүнөттө эсепти 2:2 кылышты.
Иран буга чейинки оюндарда Афганистанды 3:1 эсебинде жеңип, Индияны 3:0 эсебинде уткан.
Белгилей кетсек, CAFA Nations Cup тарыхта экинчи жолу сегиз команданын – CAFAнын алты мүчөсүнүн (Кыргызстан, Тажикстан, Түркмөнстан, Өзбекстан, Афганистан жана Иран), ошондой эле Оман менен Индиянын курама командаларынын катышуусунда өтүп жатат. Командалар эки топко бөлүнгө. “А” тайпасынын оюндары Өзбекстанда (Ташкент), “В” тайпасынын оюндары Тажикстанда (Гиссар) өтүүдө.
Иран турнирдин “В” тайпасында Индия, Ооганстан жана Тажикстан курамалары менен бирге орун алган. Ал эми “А” таймасында Кыргызчтан, Оман, Түркмөнстан, Өзбекстан курамалары орун алган.
Топтун жеңүүчүлөрү финалда беттешет, экинчи орунду алган командалар коло медаль үчүн ойношот. Турнир 8-сентябрда жыйынтыкталат. Учурдагы трофейдин ээси Иран курамасы.















