Иран Ислам Республикасынын президенти Масуд Пезешкиан Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровду жана кыргыз элин Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады.
«Сизди достук жана боордош Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнү менен чын жүрөктөн куттуктайм.
Эки өлкөнүн ортосундагы мамилелерди бардык тармактарда чыңдоо үчүн кызматташууга жана биргелешкен күч-аракеттерди жумшоого даяр экенимди билдирем», – деп айтылат куттуктоо телеграммасында.
Пезешкиан Жапаровго ден соолук жана ийгиликтерди, ал эми кымбаттуу кыргыз элине бакыт жана бакубатчылык каалады.


















