Ушул жылдын 28-августунда Нарын облусунун Ат-Башы районунда эки тоо эчкисин аткан жарандар аныкталды. Алар Арпа өрөөнүндөгү Сөөк жайлоосунда мыйзамсыз аң уулоо менен алектенишкен. Бул тууралуу жаратылышты коргоо багытында иш алып барган NABU Кыргызстан уюмунун маалымат кызматынан кабарлашты.
Анда айтылгандай, бул факт аталган уюмдун “Барс” тобунун кызматкерлери, КР Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Нарын регионалдык башкармалыгынын Биоартүрдүүлүк бөлүмүнүн Ат-Башы жана Ак-Талаа райондорунун аңчы адистери жана егерлери менен биргеликте жүргүзүлгөн атайын рейддин негизинде аныкталган.
“Текшерүү учурунда, жергиликтүү тургундардын бири атып алган эчкинин этин жашыруу максатында, чатырдын ичиндеги этти суу жээгине ыргытып жибергени аныкталса, экинчи эт кой короосунун кадаасына илинип турган жеринен кармалды. Жыйынтыгында, жеринде акт түзүлүп, далил буюм катары атылган эчкинин эти Ат-Башы РИИБга териштирүү максатында өткөрүлүп берилди”,-деп айтылат маалыматта.
Ошондой эле, аталган факт боюнча атайын мыйзамдарга ылайык, тоо эчкисин аткан жарандарга 20 миң сомдон административдик айыппул салынып, 300 миң сомдон доо коюлган, ошентип жалпы 640 миң сомдук айыппул салынган.
Рейддин алкагында жаратылышка аяр мамиле кылуу максатында жергиликтүү тургундарга түшүндүрүү иштери да жүргүзүлгөн.




















