Ирандын тарыхындагы биринчи олимпиадалык чемпион Имам Али Хабиби 94 жашында дүйнөдөн кайтты. Ал көз жумардан мурун дээрлик эки ай ооруканада дарыланып жаткан.
1956-жылы Мельбурнда өткөн Олимпиада оюндарында Хабиби эркин күрөш боюнча 67 кг. салмак категориясында алтын медаль утуп алып, Иранга алгачкы олимпиадалык алтынды алып берген.
Ошондой эле ал дүйнө чемпионаттарында үч жолу жеңишке жеткен — 1959, 1961 жана 1962-жылдары.
IRNA агенттигинин маалыматына ылайык, көз жумар алдында Хабиби дем алуу жана жүрөк көйгөйлөрүнө байланыштуу 53 күн ооруканада жатып дарыланган.
Спорттук карьерасын аяктагандан кийин ал машыктыруучулукка өтүп, кийинчерээк саясатка аралашып, Межлистин (парламенттин) депутаты болгон.















