Ирандын президенти Масуд Пезешкян 18-август күнү кечинде эки күндүк расмий сапар менен Ереванга келди. Бул анын Ислам Республикасынын президенти катары Арменияга жасаган биринчи сапары.
Пезешкянды борбордогу “Звартноц” аэропортунда Армениянын вице-премьер-министри Мгер Григорян тосуп алды.
Иран президентинин маалымат кызматы кабарлагандай, сапардын биринчи күнү Иран президенти Армениядагы иран таануучулар жана бул өлкөдө жашаган ирандыктар менен өз өзүнгчө жолугушуу өткөрдү. Ошондой эле Пезешкиан Еревандагы Көк мечитке зыярат кылды.
Сапардын алкагында Пешкян Армениянын премьер-министри Никол Пашинян тарабынан расмий тосуп алынгандан кийин аны менен жолугуп, эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрөт. Андан соң эки өлкөнүн жогорку даражалуу делегацияларынын биргелешкен жолугушуусу болуп, кызматташтыктын негизги аспектилери талкууланып, алардын ортосундагы мамилелерди кеңейтүү жолдору каралат. Соңунда Иран менен Армениянын лидерлери эки өлкөнүн жогорку даражалуу өкүлдөрүнүн ортосундагы кызматташтык документтерине кол коюу аземине катышып, маалымат жыйынында консультацияларынын жыйынтыгын түшүндүрүшөт.
Пезешкиан Армениянын президенти менен да жолугуп, сүйлөшөт. Мындан тышкары, анын катышуусунда армян-иран бизнес форуму өтөт.
Ирандын президенти бул өлкөгө сапарынын алдында коңшу жана шериктеш өлкөлөр менен алакаларды өнүктүрүү Иран Ислам Республикасынын негизги артыкчылыктарынын бири экенин айтып, Армения менен Беларусияга сапарынын максаттарына токтолуп, анын жүрүшүндө маанилүү меморандумдарга жана макулдашууларга кол коюларын билдирген.
Иран президенти Армениядан ары Белоруссияга барат.


















