Казакстан Республикасынын Куралдуу күчтөрү кызматтык маалыматтарды берүү үчүн улуттук Aitu мессенжерин колдонууга этап-этабы менен өтүп башташат, деп билдирет NUR.KZ Коргоо министрлигине таянып.
Министрликтин расмий сайтындагы маалыматка ылайык, мамлекет башчысынын тапшырмасына ылайык кабыл алынган бул чечим чет өлкөлүк платформаларды колдонууга байланышкан коркунучтарды минималдаштырууга багытталган.
Маалыматта белгиленгендей, улуттук мессенжерге өтүү — мамлекеттик түзүмдөрдө, анын ичинде коргонуу тармагында кызматтык маалыматты коргоо деңгээлин жогорулатуу үчүн негизги кадамдардын бири. Буга чейин маалыматтарды берүүдө көп учурда чет элдик мессенжерлер колдонулуп келген, бул коопсуздукка потенциалдуу коркунуч жаратышы мүмкүн эле.
👉 «Aituну колдонуу, ал Казакстан юрисдикциясында жайгашкан жана маалыматтарды сактоо менен иштетүүгө коюлган бардык талаптарга жооп берет, маалымат агымдарын толук көзөмөлдөөгө мүмкүнчүлүк берет», — деп айтылат билдирүүдө.
Маалыматка караганда, коргоо министри Даурен Косанов Куралдуу күчтөрдүн бардык бөлүктөрүн улуттук мессенжерге этап-этабы менен өткөрүү боюнча тапшырма берди.
Өткөрүү процесси 2025-жылдын аягына чейин аяктайт. Бул Казакстан армиясынын уюштуруучулук-штаттык түзүмүн жана иштеп жаткан байланыш каналдарын эске алуу менен ишке ашырылат. Мындай ыкма кызматтык процесске тоскоол болбой, интеграцияны акырындык менен камсыз кылат.
👉 «Улуттук IT-продукттарды колдонуу — бул дүйнөлүк тенденция, ал санариптик мейкиндикте суверенитетти коргоого багытталган. Куралдуу күчтөрдүн Aituга өтүшү кызматтык маалыматтардын чыгышын токтотуп, корголушунун тийиштүү деңгээлин камсыз кылат», — деп билдирди санариптештирүү боюнча коргоо министринин орун басары Дархан Ахмедиев.

Жаңы мессенжер оперативдүү маалымат алмашуудан тартып жыйындарды өткөрүү жана аракеттерди координациялоого чейинки кеңири милдеттерди чечүүдө колдонулат. Бул коопсуздукту жогорулатып гана тим болбостон, ички байланыштарды да оптималдаштырат.
Эске салсак, бир жума мурун Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев өкмөткө персоналдык маалыматтарды камтыган байланыштарды улуттук мессенжер Aituга өткөрүүнү тапшырган.
Буга чейин Токаев өкмөткө үч ай ичинде мамлекеттик кызмат көрсөтүү тармагына жасалма интеллектти киргизүүнүн так чараларын иштеп чыгууну тапшырган. Ошондой эле ал Трамп командасынын жана Кытайдын жасалма интеллект боюнча стратегиясын изилдөөнү да буюрган.
Маалымат үчүн: расмий сайттагы маалыматка ылайык, Aitu — бул биринчи улуттук мессенжер. Ал стикерлерди жана реакцияларды жөнөтүүгө, аудио жана видео форматта сүйлөшүүгө, кызыкчылык топторуна кошулууга мүмкүндүк берет.
Aituну казакстандык BTS Digital компаниясы иштеп чыккан. Компания коомдук турмушка, бизнеске жана мамлекеттик башкарууга жардам бере турган санариптик продуктулар менен сервисдерди түзөт.
👉 «Aitu экосистемасында коомдук турмушка, бизнес жүргүзүүгө жана мамлекеттик башкарууга арналган долбоорлор бар. Жасалма интеллект жана Big Data — BTS Digital күн сайын иштеп жаткан негизги багыттар. Натыйжада Aitu ар кандай тармакта коопсуздукту, ишенимдүүлүктү жана ылдамдыкты айкалыштырат», — дешет иштеп чыгуучулар.



















