13-августта Нарын облусунун Дөбөлү айыл өкмөтүнө караштуу Эки-Нарын жана Таш-Башат айылдарын туташтырган көпүрө урап, жүк ташуучу унаа сууга кулап кеткен. Бул тууралуу ӨКМден кабарлашты.
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги көпүрөдөн өтүү аракетинде сууга кулаган жүк ташуучу унаанын айдоочусун издөө иштери жүрүп жатканын билдирди. Министрлик ошондой эле жыгач көпүрө боюнча былтыр изилдөө иштери жүргүзүлүп, жараксыз абалда экени аныкталганын белгиледи.
Натыйжада былтыркы жылдын 18-сентябрында тиешелүү тармактарга жаңы көпүрө куруу сунушу берилген. Бүгүн, 14-августта президенттин Нарындагы өкүлчүлүгү жүк ташыган унаа дарыядан чыгарылганын маалымдады.
Айылдын тургундары көпүрөгө көп жыл болгонун, эскилиги жетип авариялык абалда турганын билдиришкен. Алардын айтымында, көпүрө мектептин курулушуна арматура жеткизүүгө бара жаткан жүк ташуучу унаа өтүп бара жатканда кулаган. Алар убагында тургундардын кайрылуусуна карабай жергиликтүү бийлик тарабынан көпүрөнү оңдоо иштери жүргүзүлбөй келгенин белгилешкен.
Маалыматка ылайык, учурда жеринде куткаруучулар жана тиешелүү мекемелер иш алып барууда. Айдоочу изделип жатканы айтылды.
Транспорт министрлиги көпүрө коюлган чектөөгө карабастан өткөн оор жүк ташуучу унаанын айынан кулаганын маалымдады. Андан КамАз автомашинасы прицеби менен кошо курулуш материалын жүктөп этүп бараткан. Бирок көпүрөдөн 10 тоннадан ашык жүк менен өтүүгө болбой тургандыгы тууралуу белги коюлган. Азыр кыймыл убактылуу токтотулган.
Ведомство көпүрө жараксыз абалга келгенинен быйылкы жылдын титулдук тизмесине кирип, жакында эле тендер өткөнүн кошумчалады.




















