Израилдин аскердик учкучтары Тель-Авивдеги Коргоо министрлигинин имаратынын алдында акция өткөрүп, Газа секторуна абадан сокку урганды токтотууну талап кылышты.
The Times of Israel гезитинин маалыматына караганда, болжол менен 200 мурдагы жана азыркы резервдеги учкучтар премьер-министр Биньямин Нетаньяхунун өкмөтүнөн, ал туткундарды алмашуу жана ок атышпоо келишимине баруудан баш тарткан шартта, дароо согуш аракеттерин токтотууну талап кылышкан.
«Жетишет! Бул керексиз жана акылсыз согушту токтоткула», — деп билдирди акция учурунда мурдагы Башкы штаб башчысы Дан Халуц.
Ал азыркы Башкы штаб башчысы Эял Замирге кайрылып, мессиандык фанатиктерге бизди караңгылыкка түртүүгө жол бербөөнү айтты. «Мүмкүн эмес максатка жетүү үчүн жасалган ар бир кадам туткундардын өлүмүнө алып келиши мүмкүн», — деди ал.
Израил маалымат каражаттары билдиргендей, оккупация чечимин азырынча Газа шаары менен чектөө негизинен Замирдин позициясына байланыштуу.
Ошол эле күнү Тель-Авивде дагы бир акция өттү — бул жолу Израил менен АКШ көзөмөлүндөгү «Газанын гуманитардык жардам фонду» (GHF) деп аталган уюмдун өкүлдөрү жашаган мейманкана алдында. Нааразы болгондор бул уюмду анклавга карата ачарчылык блокадасына катышты деп айыпташты.
Ондогон адамдар GHF жетекчиси Жон Эйкри, басма сөз катчысы Чапин Фэй жана фонддун башка жетекчилери жашаган мейманкананын алдына чогулушту. Алар «GHF = өлүм жана ачарчылык», «Геноцид жана ачарчылык фонду» деген жазууларды көтөрүп чыгып, бул түзүмдү «палестиналыктарды жок кылуу механизмине» катышуучу деп аташты.
Акциянын катышуучуларынын бири Илан Волковдун айтымында, гуманитардык жардам деген шылтоо менен күндө барган сайын көп палестиналыктар ачарчылыктан өлүүдө же аман калууга аракет кылып жатканда бомбалоодон каза болууда. «Газа ачарчылыктан өлүп жатканда, биз аларга тынч жашынып калууга жол бербейбиз», — деди ал.
Протестчилердин пресс-релизинде GHF «миллиондогон ачка палестиналыктарды сааттап куралдуу «өлүм зоналарына” жетүүгө мажбурлап, ошол жерден миңдеген адамдар тамак алуу аракетинде өлтүрүлгөнүн» баса белгилешти.
«Биз аларды издеп таап, ар кайсы жерде тосуп, бөгөт коё беребиз — блокада алынганга чейин, Газага тамак-аш тоскоолдуксуз киргенге чейин жана GHF таркатылганга чейин», — деп билдиришти активисттер.
Газаны оккупациялоо чечими
8-августта Израилдин Аскердик кабинети Газа секторунун түндүгүндөгү Газа шаарын басып алуу планын бекиткен.
Fox News телеканалына маек куруп жатып, жыйналышка чейин премьер-министр Нетаньяху бүтүндөй Газа секторун басып алууну көздөп жатканын билдирген. Бирок маалыматтарга караганда, операция этап-этабы менен жүргүзүлөт: адегенде Газа шаарында, андан соң аймактын борборундагы палестин качкындар лагерлеринде.


















