Франциянын президенти Эммануэль Макрон дүйшөмбү күнү Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяхунун аскердик максаттарына өкүнүчүн билдирип, БУУ мандаты алдында “стабилдештирүү миссиясына” артыкчылык берерин айтты.
Le Figaro маалыматы боюнча, Макрон Газа секторунун коопсуздугун камсыз кылуу үчүн БУУ миссиясын түзүү боюнча сунушун кайрадан көтөрүп чыгып, Израилдин Газаны басып алуу планын “алдын ала айтылган катастрофа” жана “түйшүгү түгөнбөс согушка умтулуу” деп сыпаттады.
Елисей сарайынын билдиришинче, Франция президенти бул пландын максаты — Газадагы жана аль-Маваси лагерлериндеги операцияны кеңейтүү жана Израилдин палестин аймагын кайрадан оккупациялоосу — “мурунтан эле болжолдонгон өтө олуттуу катастрофа жана чексиз согушка умтулуу” болуп саналат.
Le Figaro белгилегендей, француз лидери биринчи жолу Нетаньяхунун Газаны көзөмөлгө алуу жана ХАМАСтын акыркы чептерине чабуул коюу планын ачык сынга алды. Өз кезегинде Израил премьер-министри бул чечимди Газадагы ХАМАСка каршы согушту “аяктоонун эң мыкты жолу” деп атаган.
Макрон “БУУ мандаты алдында эл аралык коалиция түзүп, анын приоритети терроризмге каршы күрөш, Газа секторундагы абалды стабилдештирүү, анын калкына жардам берүү жана тынчтык менен туруктуулукту камсыз кыла турган башкаруу системасын орнотуу болушу керек” деп сунуштады.
Мындай миссияны түзүү идеясы 30-июлда өткөн БУУ конференциясында көтөрүлгөн. Анын жыйынтыгында Катар жана Египетти кошкондо 17 өлкө декларацияны колдогон. Бул миссия, өзгөчө, жарандык калкты коргоого, коопсуздук жоопкерчилигин Палестин улуттук администрациясына өткөрүп берүүгө колдоо көрсөтүүгө жана Палестина менен Израилге “коопсуздук кепилдиктерин, анын ичинде ок атышууну токтотууну мониторингдөө” милдеттерин аткарууга багытталмак.
“Эми Коопсуздук кеңеши бул миссияны түзүү жана ага мандат берүү боюнча иш жүргүзүшү керек. Мен өз командама бул маселени өнөктөштөрүбүз менен тез арада иштеп чыгуу боюнча тапшырма бердим”, — деп жыйынтыктады Франция президенти.


















