6-августта Кыргызстандын тышкы иштер министринин орун басары Медер Абакиров менен Америка Кошмо Штаттарынын Кыргызстандагы элчиси Лесли Вигери жолугушту.
Тараптар саясий, соода-экономикалык, инвестициялык жана консулдук чөйрөлөрдөгү кыргыз-америка кызматташтыгынын күн тартибиндеги актуалдуу маселелерди талкуулашканын Кыргызстандын тышкы саясат мекемеси кабарлады.
Жолугушууда АКШнын виза саясатында миграциялык өзгөрүүлөрдү эске алуу менен мындан аркы өз ара аракеттенүү маселесине өзгөчө көңүл бурулду, ошондой эле өз ара пайдалуу өнөктөштүктү кеңейтүү үчүн эки тараптуу сапарларды уюштуруу демилгелери козголду.
Июнь айында АКШ 36 өлкөнүн, анын ичинде Кыргызстандын жарандарынын өз аймагына кирүүгө кирүүсүнө чектөө киргизүүнү карап жатканы кабарланган. Июль айынын башында АКШнын Мамлекеттик департаменти бир катар өлкөлөрдүн, анын ичинде Кыргызстандын да жарандарына берилчү иммиграциялык эмес визалардын мөөнөтү кыскарганын билдирген. Кыргыз жарандарына мурда B-1/B-2 визасы он жылдык мөөнөткө чейин берилсе, эми үч айга деп белгиленген. Ошондой эле бул виза менен АКШнын аймагына бир гана жолу кирүүгө уруксат.















