Иран парламентинин төрагасы Мохаммад Багер Галибаф сионисттик режимдин парламентинин (Кнессеттин) төрагасынын БУУнун расмий отчетторуна таянып жасаган билдирүүлөрүн негизсиз жана уятсыз деп атады.
Галибаф социалдык тармактагы X баракчасында мындай деп жазды:
«Кылмышкер Кнессеттин төрагасы Газанын балдарынын арасындагы ачарчылык — жалган деп айтууда. Бул сөздөр үчүн силер уялышыңар керек».
Ал сөзүнө андан ары мындай деп кошумчалады:
«Дүйнө силер тарабынан уюштурулган тарыхтагы эң чоң геноциддин күбөсү болууда. Чын эле БУУ, ЮНИСЕФ жана гуманитардык уюмдардын адистери калп айтып, бир гана силер чындыкты айтып жатасыңарбы? Силер — адамзат үчүн уятсызсыңар».
БУУнун Адам укуктары боюнча жогорку комиссарынын жакындагы «Ачкөздүк курал катары» аттуу отчетунда Израилдин палестин элин атайылап суусуз жана үмүтсүз абалга жеткиргени сындалган.
Ошондой эле БУУнун Палестина аймактарындагы абал боюнча атайын баяндамачысы Франческа Альбанезенин «Геноциддин анатомиясы» деген баяндамасы Израиль Газа секторунда атайын ачарчылыкты жаратып, геноцид кылып жатканын ырастаган.
ЮНИСЕФтин расмий баяндамасы да: «БУУнун агенттиктери: Газа ачарчылыктын чегинде» деген ат менен жарыяланган.
Шаршембиде Женевада өткөн Парламент төрагаларынын алтынчы дүйнөлүк конференциясында сөз сүйлөгөн Галибаф, Газадагы геноцидди нацисттердин кылмыштары менен салыштырып, бул «системалуу геноцид» экенин айтып, дүйнө коомчулугунун унчукпай турушу — күнөөгө кошулуу экенин эскерткен.

















