Москва Ирандын тынч ядролук программасына тиешелүү объекттерге сокку уруу чакырыктарына кескин каршы экенин билдирди. Бул тууралуу Россиянын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Мария Захарова маалымат жыйынында айтты.
Анын айтымында, Россия буга чейин эле Жакынкы Чыгыштагы туруктуулукка жана коопсуздукка коркунуч жараткан аскердик авантюралардын кооптуу экенин бир нече жолу эскерткен.
«Россия тарап Иран Ислам Республикасындагы тынч атом маселесине байланыштуу пикир келишпестиктерди жана карама-каршылыктарды аскердик жол менен чечүү чакырыктарына кескин каршы», — деди Захарова.
Дипломат өз сөзүндө, МАГАТЭнин көзөмөлүндө турган ядролук объекттерге кол салуу эл аралык мамилелерде нормага айланбашы керектигин баса белгиледи. Анын айтымында, мындай аракеттер глобалдык деңгээлде катастрофалык кесепеттерге алып келиши мүмкүн жана бул дүйнөлүк коомчулук тарабынан көз жаздымда калбашы зарыл.
Буга чейин Захарова: «Иран тынч атом өнүктүрүп жаткан, ал эми өзөктүк курал түзүп жаткан эмес», — деп билдирген болчу.















