Кытай дүйшөмбү күнү өлкө боюнча жаңы демографиялык саясатты жарыялап, үч жашка чейинки балдары бар үй-бүлөлөргө акчалай жөлөк пул төлөй турганын маалымдады. Бул кадам балалуу болгон үй-бүлөлөрдүн каржылык жүгүн жеңилдетүү жана өлкөдөгү төрөлүү деңгээлин көтөрүү максатында кабыл алынды.
Global Times басылмасынын маалыматына караганда, жаңы саясатка ылайык, ар бир бала үчүн үй-бүлөлөр жыл сайын 500 доллар өлчөмүндө жөлөк пул алышат. Төлөмдөр 2025-жылдын 1-январынан тартып кайра күчүнө кирет. Ал эми 2022–2024-жылдары төрөлгөн балдар үчүн ата-энелерине бир жолку компенсация төлөнөт.
Кытайда ондогон жылдар бою жүргөн катуу төрөлүүнү чектөө саясаты калктын картаюусуна алып келди. 2024-жыл — туулган адамдардын саны каза болгондордон аз болгон төртүнчү жыл катары катталды.
Демографиялык эксперттердин айтымында, эгер кырдаал өзгөрбөсө, 2050-жылга карата Кытайдын калкы 100 миллионго кыскарып, 1,3 миллиард адамга түшөт. Ал эми 2100-жылга карата калктын саны эки эсе азайып, 633 миллионго чейин төмөндөшү мүмкүн.


















