Армениянын премьер-министри Никол Пашинян Ереван менен Баку тынчтык келишимине расмий кол коюлганга чейин парафировкалоо мүмкүндүгүн карап жатканын билдирди.
Маалыматты Vesti.az басылмасы жазды.
Ал мындай билдирүүсүн пресс-конференцияда журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып айткан.
“Ооба, ушундай идея бар, бул маселе талкууланып жатат”, – деди Пашинян.
Маалыматта белгиленгендей, парафировкалоо – документтин тексти боюнча алдын ала макулдашууну камтыйт. Бул ага кол коюунун алдындагы акыркы этаптардын бири.
Мындай кадамдын мүмкүндүгү тынчтык орнотуунун негизги маселелери боюнча тараптардын жакындашуусунан кабар бериши мүмкүн.
Ал ушул эле жыйында Армениянын эгемендигин, аймактык бүтүндүгүн жана юрисдикциясын урматтоо менен болушу керектигин баса белгиледи.
Пашинян кошумчалагандай, Армения инвесторлорго жагымдуу шарттарды сунуштай алышы керек.
Эскерте кетсек, буга чейин Азербайжандын президенти Ильхам Алиев менен Пашинян Абу-Дабидеги сүйлөшүүдө чек араны делимитациялоо маселесин талкуулашканы кабарланган.




















