Израилдин бийликтери өлкө армиясына Сириянын куралдуу күчтөрүнүн түштүктөгү Эс-Сувейда шаарындагы друз коомчулугуна каршы аракеттерине жооп иретинде аларга каршы дароо сокку урууга буйрук берди.
Бул тууралуу Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяхунун канцеляриясы дүйшөмбү күнү билдирди.
“Премьер-министр Биньямин Нетаньяху жана Коргоо министри Исраэль Кац Израилдин армиясына друздарды бутага алуу үчүн Эс-Сувейда аймагына киргизилген Сирия режиминин күчтөрүнө жана курал-жарактарына токтоосуз чабуул жасоону тапшырды”, — деп айтылат билдирүүдө.
Премьер-министр жана Коргоо министрлигинин башчысы бул кадам Сириянын түштүк бөлүгүнө Израилге коркунуч туудурган күчтөрдү жана куралдарды киргизүүгө жол бербөөнү караган демилитаризация саясатына карама-каршы келерин белгилешти.
Билдирүүдө белгиленгендей, Израил Сириядагы друздарга израилдик друздар менен терең бир туугандык союзуна жана алардын сириялык друздар менен үй-бүлөлүк жана тарыхый байланыштарына байланыштуу аларга каршы чабуулдарды болтурбоо ниетинде.
Сириянын ички коопсуздук күчтөрү Эс-Сувейдадагы окуяларга Израилдин кийлигишүүсүн айыптап, оккупанттардын күч түзүмдөрүнүн жана армиянын атайын күчтөрүнүн позицияларына кол салуулары бир нече аскер кызматчыларынын өлүмүнө алып келгенин билдирген.
13-июлда Сириянын түштүгүндө сунниттик бедуиндер менен куралчан друздардын ортосунда кагылышуулар башталган. Ал жерде тартип орнотуу үчүн Сириянын коргоо министрлиги Ички иштер министрлиги менен биргеликте Эс-Сувейда шаарына аскерлер киргизилгенин билдирген. Бул операциянын максаты — мыйзамсыз куралчан топторду тазалоо экени айтылган.
Сириянын коргоо министрлигинин маалыматы боюнча, кагылышууларда 30дан ашуун адам каза болуп, жүздөн ашык адам жаракат алган, ошондой эле убактылуу өкмөттүн 20 жоокери набыт болгон.
14-июлда Сириянын коргоо министрлиги менен ички иштер министрлиги чыр-чатак күчөгөнүнө байланыштуу жабыркаган аймактарга кошумча аскерлер жибергенин маалымдаган.
Бийлик жаңжалдын бардык тараптарын армия жана ички коопсуздук күчтөрү менен кызматташууга, ошондой эле сабырдуулукка чакырып, мындан аркы кырдаалдын курчушу карапайым элдин абалын дагы да оорлоторун эскерткен.
Эс-Сувейда шаарында коменданттык саат киргизилип, өкмөттүк күчтөр борбордук аймакты тазалоо операциясын жүргүзгөн.
13-июлда чыккан кагылышууларда кеминде 46 друз, 28 бедуин жана 4 карапайым тургун каза болгон. Дамасктан жиберилген өкмөттүк күчтөр 18 аскер жоготкон.
16-июлда Сириянын коргоо министри Мураф Абу Касра билдирүү жасап, Эс-Сувейдада ок атышууну толук токтотууну жарыялап, өкмөттүк күчтөр ок атууга гана жооп берерин билдирди. Друздардын руханий лидерлери шаарды көзөмөлдөгөн друз согушкерлерин куралын таштоого чакырган.
Эске салсак, 2024-жылдын аягында Дамаскта бийлик алмашкандан кийин Израил бийликтери бир нече жолу сириялык друздарды колдоорун билдирип, зарыл болгон учурда аларга өзүн-өзү коргоодо жардам көрсөтүү ниетин билдирген.
Друздар — Сирия, Ливан, Израил жана Иорданияда жашаган өзгөчө араб тилдүү этноконфессионалдык топ. Сирияда 700 миңден ашуун друз жашап, күрттөр менен алавиттерден кийинки үчүнчү чоң диний жана этникалык азчылык болуп саналат.















