Кыргыз футбол биримдигинин (КФБ) жетекчиси Камчыбек Ташиев словакиялык “Тренчин” футбол клубунун үлүшүн сатып алган эмес.
Бул тууралуу уюмдун маалымат кызматы тараткан расмий билдирүүдө айтылат.
“Камчыбек Ташиев бир дагы чет элдик же ата мекендик футбол клубунун, анын ичинде “Тренчиндин” акционери эмес”,-деп айтылат маалыматта.
Буга чейин эл аралык спорт жаңылыктарын жазган айрым маалымат каражаттарында Ташиев жогоруда аталган футбол клубдун 10 пайыздык акциясын сатып алганы тууралуу маалымат тараган.
Уюм Кыргыз футбол союзу анын ичинде анын жетекчилери эл аралык кызматташтыкты жолго коюу боюнча тынымсыз иш алып барылып жатканын, анын негизги максаты – инвестиция тартуу, чет элдик тажрыйбаны колдонуу, ата мекендик футболду өнүктүрүү үчүн чет элдик квалификациялуу адистерди колдонуу экенин кошумчалаган.
Мисал катары, “Барселона” футбол клубу (Испания) менен кызматташуу аркылуу Жалал-Абад шаарында “Барса” академиясынын ачылышын, дүйнөдөгү эң күчтүү лигалардын бири – Англия Премьер-Лигасынын өкүлү болгон “Астон Вилла” ФК (Англия) менен байланыштын түзүлгөнүн, “Тренчин” ФК (Словакия) менен расмий кызматташуунун жыйынтыгында эки кыргызстандык футболчуга клубдун курамында машыгуудан өтүүгө уруксат алышканын белгилешкен. Буларга кошумчалап, КФБнын бир машыктыруучусу да европалык клубда атайын окуудан өтүп жатканын айтышкан.
Камчыбек Ташиев КФБнын президенти болуп 2024-жылдын 19-февралында шайланган.




















