10-июлда Бириккен Араб Эмираттарынын Абу-Даби шаарында Азербайжандын президенти Илхам Алиев менен Армениянын премьер-министри Никол Пашиняндын жолугушуусу болуп, анда эки өлкөнүн ортосундагы сүйлөшүүлөрдү жана ишенимди чыңдоо чараларын улантууну макулдашышты.
Маалыматты Армениянын тышкы иштер министрлигинин билдирүүсүнө таянып, Report.az агенттиги жазды.
“Эки тараптуу сүйлөшүүлөр нормалдаштыруу процессине байланышкан бардык маселелерди чечүүнүн эң натыйжалуу форматы экени тастыкталды жана анын негизинде жыйынтыкка багытталган диалогду улантуу макулдашылды”, – деп айтылат маалыматта.
Белгилүү болгондой, чек араны делимитациялоодо жетишкен ийгиликтерге баа берип, жетекчилер бул багыттагы практикалык иштерди улантуу боюнча тиешелүү мамлекеттик комиссияларга тапшырмаларды беришти.
Мындан тышкары президенттер эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жана эки өлкөнүн ортосундагы ишенимди бекемдөө чараларын улантууну макулдашышкан.



















