9-июлда Россия Федерациясынын Адам укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Татьяна Москалькова Бишкекке келди. Аны менен Кыргызстандын акыйкатчысы Жамиля Жаманбаева жолугушуп, мигранттардын укуктары жана башка бир катар маселелер менен бирге 2025–2026-жылдарга карата кызматташууну талкуулашты.
Бул тууралуу Акыйкатчы институтунун басма сөз кызматы билдирди.
Жолугушуу учурунда Жамиля Жаманбаева биргелешкен ишмердүүлүк эки өлкөдө тең адам укуктарын жана негизги эркиндиктерин коргоону өнүктүрүүгө мындан ары да көмөктөшөрүн билдирди.
“Заманбап чакырыктар жана дүйнөдөгү акыркы өзгөрүүлөр учурунда ачык жана конструктивдүү диалогду колдоо, тажрыйба алмашуу жана кызматташуунун натыйжалуу механизмдерин түзүү өзгөчө маанилүү”, – деп билдирди Жамиля Жаманбаева.
Москалькова Акыйкатчылардын евразиялык альянсынын алкагында кызматташууну бекемдөөгө багытталган олуттуу иш-чаралар өткөрүлүп жатканына токтолду. Мындан тышкары, салттуу баалуулуктарга негизделген платформага кызыгуу бар экенин белгилеп, адамдын негизги укуктарын жана эркиндиктерин камсыздоодо укук коргоочу институттун ролу чоң экендигин баса белгиледи.
“Менин кесиптешим Жамиля Жаманбаева менен тыгыз кызматташтыкка өзгөчө баа берип өткүм келет. Бул алаканын натыйжасында эки өлкөнүн жарандарынын маселелерин түз, кыска убакытта чечип келе жатабыз. Биздин башкы максат – жолун таап ар бир адамдын укугун коргоо”, – деди ал.
Тараптар мигранттардын укуктарын коргоо маселелери боюнча биргелешкен окууларды өткөрүү жана мигранттар арасында биргелешкен маалыматтык-агартуу ишин жүргүзүүнү пландаштырышууда.
Омбудсмендер иш сапарлары учурунда чогуу мигранттарды кабыл алышат.
Россиянын адам укуктары боюнча комиссары башкы прокурор Максат Асаналиев жана парламенттин вице-спикери Нурланбек Азыгалиев менен да жолуккан.
Эске сала кетсек, өткөн жылы Жамиля Жаманбаева Татьяна Москалькова менен бирге Санкт-Петербург шаарында эмгек миграциясында жүргөн Кыргызстандын жарандарын кабыл алган.
Кыргызстандын Акыйкатчы институту менен Россия Федерациясынын Адам укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүнүн ортосундагы өз ара аракеттенүү жөнүндө меморандумга 2022-жылдын 26-октябрында кол коюлган.
2023-жылдын августунда тараптар аны ишке ашыруу боюнча биринчи протоколду бекитишкен.




















