Израил менен палестиналык ХАМАС кыймылынын ортосундагы жаңжалды жөнгө салууга багытталган кыйыр сүйлөшүүлөрдүн бешинчи айлампасы олуттуу жыйынтык бербеди. Бул тууралуу The Times of Israel гезити палестиналык булакка таянып жазды.
«Катардын борбору Дохада Израил менен ХАМАСтын ортосунда ок атышууну токтотуу жана Газа тилкесиндеги барымтага алынгандарды бошотуу боюнча мүмкүн болгон макулдашуу тууралуу өткөн сүйлөшүүлөрдө эч кандай олуттуу жылыш болгон жок», — деп айтылат маалыматта.
Палестиналык расмий адамдын айтымында, сүйлөшүүлөр «туңгуюкка кептелип калды», ал эми Израил делегациясы негизинен «тыңшоо» менен алектенип, ар бир маселе боюнча Иерусалимдеги бийлик менен кеңешүүгө мажбур болгон. Бул, анын айтымында, Израил өкүлдөрү чечим кабыл алуу ыйгарым укугуна ээ эмес экенин көрсөтөт.
Булак Израилдин бул аракетин сүйлөшүүлөрдү атайылап созуу саясаты катары мүнөздөдү, максат — эч кандай келишимге жетүүгө жол бербөө.
5-июлда Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху коопсуздук кабинети менен жыйын өткөрүп, Газада барымтада кармалып турган жарандарды бошотуу боюнча келишим шарттары жана Израил делегациясынын Дохага жөнөтүлүшү боюнча маселелер талкууланган. Израилдин расмий өкүлдөрүнүн айтымында, Катар жана АКШнын басымынын негизинде ХАМАС өз талаптарын жумшарткан.
2-июлда АКШнын президенти Дональд Трамп Израил Газа тилкесинде 60 күндүк ок атышпоо режимине макул болгонун билдирген. Анын айтымында, бул маселе боюнча Ак үй өкүлдөрү Израил жетекчилиги менен «узак жана натыйжалуу» жолугушуу өткөрүшкөн.
Буга чейин Израил Газада ХАМАСтын негиздөөчүсүн жок кылганы кабарланган.


















