Бүгүн, 8-июлда, Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары – УКМК төрагасы генерал-полковник Камчыбек Ташиев иш сапары менен Ош шаарына келди.
Иш сапардын алкагында ал «Достук» чек ара бекетинин айланасында жүрүп жаткан көрктөндүрүү жана жашылдандыруу иштери менен таанышып, Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаевден маалымат алды.
Мэр аймактагы буга чейинки абал жана аткарылып жаткан иштер тууралуу маалымат берип, чек ара бекетинин тегереги жана автоунаа жолунун эки тарабындагы курулуштар боюнча да токтолду.
Андан соң Ташиев шаардагы Исанов көчөсүндөгү көп жылдан бери каралбай калган аймакка салынып жаткан эс алуу багынын жана аталган көчөнү кеңейтүү, капиталдык оңдоп-түзөө иштеринин жүрүшүн көрдү. Бул боюнча да мэр Жеңишбек Токторбаев жеринен маалымат берип, долбоорлордун багытын түшүндүрдү.
Муну менен катар, Монуев көчөсүндөгү көрктөндүрүү иштерин жана облустар аралык оорукананын жанындагы “Увам” каналынын корук аймагына мыйзамсыз курулган соода түйүндөрдү, дарыкана жана кафелерди алуу, жолду кеңейтүү боюнча иштердин жүрүшүн текшерди. Ошондой эле шаар мэри “Бэман” жеке ооруканасы мэриянын балансына өткөрүлгөнүн айтып, бул багыттагы иштер тууралуу да маалымат берди.
Бул сапар — Камчыбек Ташиевдин соңку күндөрдөгү аймактарды кыдыруусунун уландысы. Буга чейин ал Ысык-Көл жана Нарын облустарында да жеринде болуп, жергиликтүү бийлик жетекчилеринин ишмердүүлүгүн текшерген. Андагы иш сапарлардын жыйынтыгында бир катар кескин сындар айтылып, кээ бир жетекчилерге карата кылмыш иштери козголуп, камоо чаралары да колдонулган.




















