Анкара Иранга өзөктүк программа боюнча сүйлөшүүлөрдү кайра жандандыруу мүмкүнчүлүгүнө байланыштуу АКШнын позициясын жеткирди. Бул тууралуу Түркиянын тышкы иштер министри Хакан Фидан T24 агенттигине билдирген.
«Урматтуу Аракчи менен сүйлөшүүлөрдө биз ок атышууну токтотуу процессин, учурда кандай этапта экенибизди жана бул процесстин кандай уланаарын талкууладык. Учурда ок атышууну токтотуу күчүндө жана тараптар ага баш ийип жатышканын байкоого болот», — деди Фидан журналисттерге берген маегинде.
Анын айтымында, кийинки этап — өзөктүк программа боюнча сүйлөшүүлөрдү кайра баштоо болот.
«Бул жаатта азырынча белгисиздик бар. Ар кандай позициялар бар. Так төрт күн мурун АКШ президентинин атайын өкүлү Уиткофф менен сүйлөшүүлөрүм болду. Америкалык тараптын бул маселе боюнча бир катар позициялары бар. Биз бул позицияларды иран тарапка жеткире алдык — бул тууралуу Экономикалык кызматташтык уюмунун (ЭКУ) Ханкендидеги саммитинде, ошондой эле БРИКС саммитинин алкагында билдирдик», — деди Фидан.

















