Бүгүн, 1-июлда, Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев Увам каналынын боюндагы абалды текшерип, тиешелүү кызматтар менен биргеликте корук аймактагы мыйзамсыз курулуштарды аныктап, аларды алуу боюнча тапшырма берди. Рейд учурунда мэр айрым үй ээлерин башка жакка көчүрүлө турганын айтты.
Токторбаев үйүн шаардагы Увам каналына өтө жакын салып алган бир үй бүлөнүн ээсине: “Көчөсүңөр, көчөдө калбайсыңар, сонун үй берем. Эч кыжаалат болбогула. Бир эле силер эмес, канчалаган үйлөр көчүрүлгөн атат”,-деди.
Мэрдин кайсы жактагы үйлөрдөн бере турганын тактоо үчүн мэриянын коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн жетекчиси Жумамидин Сулайманкулов менен байланыштык.
Ал Ош шаарын аралап өткөн 8 каналдын жээктерин тазалоо иштери башталганын айтып, учурда канча үй бүлөгө үй бериле турганы тактала баштаганын билдирди.
“Каналдардын жээктеринде жашаган жарандардын колунда мамлекеттик актысы менен кызыл китеби болсо, бирок Башкы планга ылайык, алынат деп мамлекетке керек делген жерлердин ээлерине үйлөр берилет. Ал эми мыйзамсыз ээлеп алгандарга берилбейт”,-деди Сулайманкулов.
Ал тизме такталса, Ош шаарынын Кызыл-Кыштак айылдык аймактык башкармалыгындагы Коммунист айылында жаңыдан түптөлүп, 520 үй-бүлөгө ылайыкташтырылган “Эне-Сай” конушунан бериле турганын кошумчалады. Бул конуштун курулушуна бүгүн, 1-июлда, капсула салуу иш-чарасы өтөт.
Мэриянын маалыматына ылайык, мыйзам боюнча, каналдардын суу корук аймагы эки тараптан 30 метрди түзүшү керек. Бирок бул талаптар сакталбай, суунун жээктерине ар кандай курулуштар мыйзамсыз тургузулуп, каналдардын үстү да тосулуп калган. Алардын баары иретке келтирилип, каналдардын корук аймагын бошотуу иштери башталды.




















