Украинанын Тегерандагы убактылуу ишенимдүү өкүлү дүйшөмбү күнү украин бийликтеринин АКШ менен Израилдин Иранга каршы аракеттерине байланыштуу билдирүүлөрүнө байланыштуу Ирандын Тышкы иштер министрлигине чакырылды.
Бул тууралуу Ирандын тышкы иштер министрлигинин билдирүүсүндө айтылат.
“Украинанын бир катар расмий өкүлдөрүнүн Израил менен АКШнын Иранга каршы агрессиясына байланыштуу негизсиз комментарийлерине нааразылык ирээтинде Тышкы иштер министрлигинин Евразиялык биринчи департаментинин башчысы Шахрам Фарсаи Украинанын Тегерандагы убактылуу ишенимдүү өкүлүн чакырып, ага биздин өлкөнүн бул маселе боюнча катуу нааразычылыгы билдирилди”, – деп айтылат Ирандын Тышкы иштер министрлигинин сайтында жарыяланган билдирүүсүндө.
Белгиленгендей, украиналык бир катар аткаминерлер Израилдин Иранга каршы аскерий агрессиясын колдоп, Киевдин БУУнун Уставы жана Женева конвенциялары боюнча эл аралык укуктук милдеттенмелерин иш жүзүндө көрмөксөнгө салышкан.
Маалыматта Украин дипломаты Тегерандын нааразычылыгын Киевге тез арада жеткирүүнү убада кылганы кошумчаланат.
Тышкы иштер министрлигинин билдирүүсүндө украин бийликтеринин кайсы билдирүүсү нааразылыкка негиз болгону такталган жок.
Эске салсак, Израиль 13-июнга караган түнү Иранга каршы аскердик операцияны баштаган. Бир сутка өтпөй Ислам республикасы жооп иретинде чабуул койгон.
Жаңжал күчөп кеткенден тогуз күн өткөндөн кийин, 22-июнга караган түнү АКШ жаңжалга аралашып, америкалык куралдуу күчтөр Ирандын үч өзөктүк объектисине сокку жасаган. Иран мындай чабуулдарга карабай өзүнүн өзөктүк программасын өнүктүрүүнү уланта берерин билдирген.
23-июнь кечинде Тегеран Катардагы америкалык Жакынкы Чыгыштагы эң ири аскер аба базасы — Аль-Удейдге ракеталык чабуул койгон.
Кийинчерээк Дональд Трамп Израиль менен Иран ок атышууну толугу менен токтотууга макулдашканын билдирген. Ок атууну токтотуу режими 24-июндан тарта күчүнө кирген.

















