Кытайдын мамлекеттик CCTV телеканалы жаңы типтеги курал жөнүндө анимациялык видеону көрсөттү. Бул ракета электр энергиясынын кеңири өчүрүлүшүнө алып келиши мүмкүн, деп билдирет South China Morning Post (SCMP).
Маалыматка караганда, бул курал Кытайдын Аэро-космостук илим жана технология корпорациясы тарабынан иштелип чыгууда. Бул корпорация — Кытайдын Коргоо министрлигинин негизги подрядчысы.
Видеодо жерден ракета учурулуп жаткандыгы көрсөтүлгөн. Белгилүү бир чекитке жеткенде, ракета 90 даана цилиндр түрүндөгү субок-заряддарды таратат. Алар жерге түшүп жарылганда, атайын химиялык заттар менен иштетилген жука көмүртек жипчелери абага чачырайт. Бул жипчелер жогорку чыңалуудагы электр зымдарында кыска туташууга алып келет.
CCTV билдиргендей, мындай курал колдонулган учурда кеминде 10 миң чарчы метр аянтта электр жарыгы толугу менен өчүрүлүшү мүмкүн. Телеканал бул ракетанын аталышын жана техникалык мүнөздөмөлөрүн атаган жок, аны «жашыруун түрдө иштелип жаткан улуттук ракета» деп гана мүнөздөдү.



















