АКШ Канада менен бардык соода сүйлөшүүлөрүн токтотуп жатат жана келерки бир жума ичинде коңшу өлкөнүн товарларына бажы алымдарын киргизет.
Бул тууралуу АКШнын президенти Дональд Трамп өзүнүн Truth Social социалдык тармагына жазганын lenta.ru агенттиги жазды.
“Биз Канада менен болгон бардык соода сүйлөшүүлөрүн токтоосуз токтотуп жатабыз. Биз Канадага жакынкы жети күндүн ичинде АКШ менен бизнес жүргүзүү үчүн төлөй турган тарифти билдиребиз”, – деди АКШ президенти.
Трамп чечим Оттаванын америкалык технологиялык компанияларга санариптик кызмат салыгын киргизүүсүнө байланыштуу кабыл алынганы менен түшүндүрдү.
Ал Канада менен соода жүргүзүү мурда өтө кыйын болгонун, бирок Канада бийлигинин акыркы аракеттери АКШга карата “түз жана ачыктан-ачык” чабуул экенин белгиледи.
Америка лидери ошондой эле Канаданы Евробиримдиктин аракеттерин кайталап жатат деп айыптады. Учурда Евробиримдик Вашингтонго карата мындай салыкты киргизүү мүмкүнчүлүгүн талкуулап жаткан.


















