Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Мария Захарова Стамбул Орусия менен Украинанын сүйлөшүүлөрү үчүн аянтча бойдон калып жатканын жана жаңы айлампанын мөөнөтүн делегация башчылары аныктай тургандыгын билдирди.
Бул тууралуу ТАСС агенттиги жазды.
“Орус-украин түз сүйлөшүүлөрүнүн кезектеги раундунун даталарына келсек, муну делегация башчылары аныктайт”, – деди Захарова.
Ал ошол эле учурда Түркиянын меймандостугу жана сүйлөшүү процессин жүргүзүүдө үзгүлтүксүз жардам көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирди.
Захарова сүйлөшүүлөрдүн мөөнөтүн тактоо үчүн Орусия президентинин атайын өкүлү Владимир Мединский, ошондой эле Украинанын Коргоо министрлигинин башчысы Рустем Умеров менен байланышуу керектигин кошумчалады.
Буга чейин орус лидеринин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Москва менен Киевдин Украинадагы жаңжалды жөнгө салуу боюнча сүйлөшүүлөрүнүн үчүнчү айлампасы өтө турган күн туткундарды алмашуу аяктагандан кийин аныкталып, жарыяланарын билдирген.
Ал белгилегендей, учурда тараптар сүйлөшүүлөрдүн экинчи айлампасында жетишилген гуманитардык макулдашууларды ишке ашыруунун үстүндө иштеп жатышат.
Кошумчалай кетсек, Орусия менен Украинанын делегациялары жаңжалды жөнгө салуу үчүн буга чейин эки жолу жолугушуу өткөрүшкөн. Стамбулда биринчиси айлампа 16-майда, экинчиси 2-июнда болгон.
Стамбулдагы сүйлөшүүлөрдүн эки раундунун жыйынтыгында да тараптар туткундарды “миңге миң” формуласы боюнча алмаштырууну, ошондой эле катуу оорулуу жана 25 жашка чейинки туткундарды “бардыгы бардыгы үчүн” форматы боюнча эки тараптан 1000ден кем эмес адам кайтарууну макулдашып, учурда алмашуу процесстери аяктап калгандыгы кабарланууда.


















