Сеул: Түндүк Корея бул миссия үчүн аскерлерди жыйноо процессин баштады.
Түштүк Кореяда Түндүк Корея июль же август айларында Россияга кошумча аскер бөлүктөрүн жөнөтүшү мүмкүн деген божомолдор айтылууда.
Түштүк Кореянын Улуттук чалгындоо кызматы (NIS) Түндүк Кореянын Россия-Украина согушундагы катышуусу тууралуу жаңыланган маалыматтарды парламенттеги жабык чалгындоо комитетине берди, деп кабарлайт Yonhap агенттиги.
Бул маселе боюнча журналисттерге комментарий берген депутаттардын айтымында, Түндүк Корея жакынкы айларда Россияга кошумча аскер күчтөрүн жөнөтүшү мүмкүн.
Маалыматка ылайык, Пхеньян режими бул миссия үчүн аскер жыйноо процессин баштаган.
Депутаттардын пикиринде, Түндүк Корея Россияга 10 миллион артиллериялык снаряд, ракета жана алыскы аралыкка атылуучу курал берүү менен, Москвадан экономикалык кызматташтык жана техникалык колдоо алууга үмүттөнүүдө.
Түндүк Корея Курск облусуна курулуш аскерлерин жөнөтөт
Буга чейин Россиянын Коопсуздук кеңешинин катчысы Сергей Шойгу Түндүк Корея Курск облусуна 1 000 кишиден турган фортификациялык бөлүк жана 5 000 кишиден турган курулуш отрядын жиберүү чечимин кабыл алганын билдирген.
Бул окуяга байланыштуу Түштүк Кореянын Тышкы иштер министрлиги терең тынчсыздануусун билдирип, Түндүк Кореяны мындай аракеттерди дароо токтотууга чакырган.
Москва менен Пхеньяндын мамилеси
Россиянын тышкы иштер министрлиги 2024-жылдын декабрында Москва менен Пхеньяндын ортосунда 2024-жылдын июнунда кол коюлган комплекстүү стратегиялык өнөктөштүк тууралуу келишим күчүнө киргенин билдирген.
Бул келишим эки тараптын бири кол салууга дуушар болгон учурда өз ара аскердик жардам көрсөтүүнү карайт жана Түндүк-Чыгыш Азия менен Азия-Тынч океан аймагында бөлүнгүс коопсуздук жана көп полярдуу дүйнө тартибин курууга салым кошушу керектиги белгиленген.
Түштүк Кореянын чалгындоо кызматы билдиргендей, Түндүк Корея Украинадагы согуштук аракеттерге катышуу үчүн Россияга 15 000ден ашуун аскер жиберген. Алардын ичинен болжол менен 600ү каза болуп, 4 000ге жакыны жаракат алган.
















