24-июнда 88 жаштагы Россиянын Саранск шаарынын тургуну 600 миң рубль акчасын түркмөнстандык таксисттин аркасында алдамчылардын тузагынан сактап калуугажетишти. Бул тууралуу Info-rm агенттиги билдирди.
Телефон аркылуу алдап кеткен алдамчылар карыяны «акчаларды текшерүү керек» деген шылтоо менен ишендирип, ири суммадагы акчаны такси айдоочусуна берүүгө көндүрүшкөн. Бирок 31 жаштагы Түркмөнстандан келген таксист, он жылдан ашык убакыттан бери Мордовияда жашаган, шектүү тапшырма тууралуу шек санап, милицияга кайрылган.
20-июнда ал Сарансктан Казанга посылка жеткирүү буйрутмасын алган. Кардар мессенжер аркылуу байланышып, бардык деталдарды тактаган. Таксист Веселовский көчөсүндөгү үйгө келип, анда аны карыя аял тосуп алып, «небереси үчүн» деп таңгакты тапшырган.
Жолдо бара жатып айдоочу алдамчылыкка байланыштуу учурларды эстеп, шек санай баштаган. Ульяновск облусунун Сур районуна жеткенде, жолдо кызмат өтөп жаткан ДПС кызматкерлерин көрүп, жардам сурап кайрылган. Милиция кызматкерлери пакетти ачып текшеришкенде, анын ичинде скотч менен оролгон китептер, ал эми барактардын арасында жашырылган 5 миң рубль купюралар табылган.
Андан кийин Саранск шаардык милициясынын №4-бөлүмүнүн тергөөчүлөрү аялды таап чыгышкан. Карыянын айтымында, ага 19-июнда белгисиз киши чалып, өзүн уюлдук оператордун кызматкери катары тааныштырган. Ал сим-картанын мөөнөтү бүтүп баратканын айтып, СНИЛС номерин сураган. Бул маалыматты бергенден кийин, ага өзүн банк кызматкери катары тааныштырган башка киши чалып, анын атынан каражат Украинага которулууга аракет кылынып жатканын билдирген.
Карыяда акча бар экенин айткан соң, “банкирлер” тез арада купюралардын чыныгы экенин текшерүү үчүн аларды “небереме” деген шылтоо менен таксистке тапшырууну айтышкан.
Азыр акча толугу менен ээсине кайтарылды. Бул факт боюнча алдамчылык беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, күнөөлүүлөрдү табуу үчүн тергөө иштери жүрүп жатат.


















