24-июнунда Кыргызстандын тышкы иштер министринин орун басары Медер Абакиров менен Америка Кошмо Штаттарынын Кыргызстандагы элчиси Лесли Вигеринин жолугушуусу болуп өттү.
Бул тууралуу КР тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар саясий, соода-экономикалык жана консулдук-укуктук чөйрөлөрдө эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулашты.
Мындан тышкары, санкциялык маселелердин эки тарапка тең алгылыктуу чечимдерин табуу үчүн биргелешип иштөөгө даяр экендиктерин билдиришти.
Эске салсак, май айында Кыргызстандын президентинин администрациясында АКШнын Кыргызстандагы элчиси Лесли Вигери менен Америка, Евробиримдик жана Улуу Британия тарабынан киргизилген эл аралык санкциялардын сакталышы жана аларды айланып өтпөө үчүн өлкө тарабынан көрүлүп жаткан чаралар боюнча жолугушуу болуп өткөн.
Анда АКШ элчиси Кыргызстандын тышкы экономикалык ишмердигинин субъектилери санкциялык талаптарды айланып өтүүгө катышкан учурда алар үчүн тобокелдиктер тууралуу маалымат берген.
Министрлер кабинети республика улуттук мыйзамдарга ылайык санкциялык режимди сактоо боюнча бардык зарыл чараларды көрүп жатканын жана санкцияларды айланып өтүүгө жол бербөө үчүн финансы рыногунун жана тышкы экономикалык ишмердиктин катышуучулары менен ыкчам иш алып барып жатканын билдирген.
Буга чейин президент Садыр Жапаров Кыргызстан Орусияга Батыш өлкөлөрү салган санкцияны кыйгап өтүүгө көмөктөшүп жатат деп айтууга негиз жок экенин билдирген.















