Иран Израилдин агрессиясына жооп ирээтинде Израилге бир катар ракеталык чабуулдарды жасады. Анын натыйжасында жөөт мамлекетинде бир катар объектилер кыйрап, масштабдуу зыян тартканы тууралуу маалыматтар жана сүрөттөр эл аралык медиада пайда болду. Израил аймагында кыйроолор тартылган сүрөттөр Ирандын чабуулунун масштабы олуттуу болгонун көрсөтөт.
Эске салсак, 13-июнда Израил Иран аймагына кол салган. Анда Ирандын жогорку даражалуу аскер жетекчилери, ядролук илимпоздору жана ондогон жай тургундар каза болушкан. Бул чабуулга жооп ирээтинде Иран 14-июнга караган түнү Израил тарапка бир нече толкун менен баллистикалык ракеталарды учурган. 11 күндүн ичинде эки тараптан тең жүздөгөн адамдар набыт болуп, миңдеген адамдар жаракат алган.
Тегеран Израиль бомбалоону токтотмоюнча, жооптуу соккулар уланарын ачык билдирген.
22-июнга караган түнү бул жаңжал жаңы деңгээлге чыкты: АКШ Ирандын Натанз, Фордо жана Исфахан шаарларындагы үч өзөктүк объектисине сокку урган.
Ирандын Атомдук энергия боюнча уюму бул чабуулдарды тастыктап, аларды эл аралык мыйзамдардын бузулушу катары баалады. Уюм, ошондой эле, Иран мындай чабуулдарга карабай өзүнүн өзөктүк программасын өнүктүрүүнү уланта берерин билдирди. Иран парламентинин төрагасынын кеңешчиси Мехди Мохаммади Тегеран Фордо объектисине чабуул болорун алдын ала билгенин, ал жер алдын ала эвакуацияланып, олуттуу зыянга учурабаганын айтты. “Tasnim” агенттиги Фордо шаарындагы объект жарым-жартылай гана жабыркаганын кабарлады.
23-июнь күнү кечинде Ирандын куралдуу күчтөрү АКШнын чабуулуна жооп ирээтинде Катардын борбору Доханын түштүк-батышында жайгашкан америкалык Аль-Удейд авиабазасына чабуул жасады.





























Discussion about this post