Испаниянын тышкы иштер министри Хосе Мануэль Альбарес Израил тарабынан Газа тилкесинде «адам укуктарынын бузулушуна» байланыштуу Европа Кеңешин Евробиримдик менен Израилдин ортосундагы алакаларды жөнгө салган макулдашуунун аракетин дароо токтотууга чакыра турганын билдирди. Бул тууралуу El Pais басылмасы жазды.
Альбарес ошондой эле Израилге курал-жарак сатууга эмбарго киргизүүнү жана эки мамлекеттүү чечимге каршы чыккандарга карата санкцияларды киргизүүнү сунуштай турганын билдирди.
Израил менен Ирандын ортосундагы жаңжал тууралуу пикирин билдирип жатып, министр диалогго жана сабырдуулукка чакырды.
«Испания Жакынкы Чыгыштагы жана Иран боюнча кырдаалга өтө кооптонууда. Биз бардык тараптарды азыр сабырдуулукка жана чыңалууну басаңдатууга чакырабыз. Азыр – дипломатиянын, сүйлөшүүлөргө кайтып келүүнүн убагы. Бул маселеде аскерий чечим жок», – деди Альбарес.

















