Ирандын борбору Тегерандын үстүнөн Израилге таандык эки учкучсуз учак (БПЛА) атып түшүрүлдү. Бул тууралуу Mehr маалымат агенттиги Ирандын Ислам революциясынын сакчылар корпусунун (КСИР) командачылыгына шилтеме берип кабарлады.
КСИРдин билдирүүсүнө ылайык, бир дрон-камикадзе Тегерандын түштүгүндөгү Шехре-Рей районунда, ал эми экинчи мини-БПЛА Тегеран мунайды кайра иштетүүчү заводу жайгашкан аймакта атып түшүрүлгөн.
Чыр-чатак Израилдин Иранга массалык соккуларынан башталган
13-июнда Израил Ирандын бир нече шаарында жайгашкан ядролук объектилерге жана жогорку аскерий жетекчилердин жайгашкан жерлерине кеңири масштабдагы аба соккуларын баштаган.
Анын натыйжасында Иран Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын жетекчиси, КСИРдин башкы командачысы, бир катар жогорку даражалуу аскерий кызматкерлер жана ядролук изилдөөлөр боюнча тогуз адис каза болгон. Жалпысынан 585 киши каза таап, 1300дөн ашуун адам жаракат алган.
Иран жооп катары Израилдин аймагына баллистикалык ракеталар менен сокку урган. Расмий маалыматтар боюнча, бул чабуулдун кесепетинен 24 адам каза болуп, 500дөн ашууну жаракат алган.
Бул окуяга байланыштуу бир катар өлкөлөр Израилдин аракеттерин кескин айыпташууда.


















