Тегеран Вашингтонго Израил Иранга сокку урууну токтотмоюнча эч кандай сүйлөшүү болбойт деп билдирди.
Бул тууралуу Ислам Республикасынын тышкы иштер министри Аббас Аракчи билдиргенин Tasnim агенттиги жазды.
“Сионисттик режимдин агрессиясы уланып жаткан кырдаалда америкалыктар сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүнү суранып, бир нече жолу тиешелүү билдирүүлөрдү жөнөтүштү, бирок биз агрессия жана чабуулдар токтомойунча диалогго орун жок экенин ачык айттык”, – деди Аракчи.
Анын айтымында, Тегеран америкалыктарды Израилдин Иранга каршы агрессиясында өнөктөшү жана шериги деп эсептейт.
“Биз бул кылмышка өнөктөш катары Америка менен эч кандай сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн жокпуз”, – деп белгиледи ал.
Арагчи Ирандын ракеталык программасын чектөө маселелери талкууга алынбай турганын баса белгиледи.
Буга чейин Ак үйдүн басма сөз катчысы Кэролайн Ливитт АКШ президентинин чабарманы Стивен Уиткофф акыркы күндөрү Ирандын расмий өкүлдөрү менен байланышта болгонун билдирген. Ал кошумчалагандай, АКШнын президенти Дональд Трамп жаңжалды сүйлөшүү жолу менен жөнгө салууга умтулуп жатат. Ошол эле учурда Трамп буга чейин Иранга сокку уруу мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарган эмес. Тегеран АКШнын Израил тараптагы жаңжалга кийлигишүүсүнө жооп катары Вашингтонду олуттуу чаралар күтөөрүн эскерткен.
Бүгүн Женевада Ирандын Европа өлкөлөрү – Британия, Франция жана Германия менен сүйлөшүүлөрү өтөрү күтүлүүдө. Ирандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы билдиргендей, тараптар өзөктүк маселелерди талкуулап, Израилдин Иранга кол салуусунан кийин Жакынкы Чыгыштагы кырдаалды карап чыгышат.
Жыйынга Тегерандан тышкы иштер министри Аббас Аракчи катышат. Европалык делегациянын курамына Германиянын Тышкы иштер министрлигинин башчылары Йоханн Вадефуль, Франциянын Жан-Ноэль Барро жана Улуу Британиянын Дэвид Лэмми кирет. Мындан тышкары, сүйлөшүүлөргө Евробиримдиктин башкы дипломаты Кая Каллас катышат.
Иран-АКШ кыйыр сүйлөшүүлөрү
Иран менен АКШ Омандын ортомчулугу менен Ирандын өзөктүк программасы боюнча кыйыр сүйлөшүүлөрдүн беш айлампасын өткөрүштү. Алардын акыркысы 23-майда Римде өткөн.
Тараптар уранды байытуу боюнча келишимге келе элек. АКШ Ирандан уранды байытуудан баш тартууну талап кылса, иран тарап мындай талаптарды четке кагып, эгерде Вашингтон Тегерандан уранды байытуу технологиясынан баш тартууну талап кылса, тараптар бир пикирге келе албасын билдирген.
Ошол эле учурда Иран уранды байытуу деңгээлин төмөндөтүү мүмкүн экенин, ошондой эле Ирандын өзөктүк программасынын тынчтык мүнөзүн көрсөтүү үчүн өзүнүн өзөктүк ишмердүүлүгүн инспекторлордун көбүрөөк көзөмөлдөөсүнө мүмкүндүк берүүгө даяр экенин билдирген.
Өзөктүк келишим боюнча кыйыр сүйлөшүүлөрүнүн алтынчы айлампасын 15-июнда Омандын борборунда өткөрүү пландалып жаткан. Бирок ал 13-июнда Израилдин Иранга каршы кол салуусунан кийин үзгүлтүккө учураган.
2015-жылы Иран менен АКШ, Франция, Германия, Улуу Британия, Кытай, Россия өзөктүк келишимге кол коюшкан. Ага ылайык, Тегеран уран байытууну чектеп, буга жооп катары Иранга киргизилген экономикалык санкциялар алына баштаган. Бирок 2018-жылдын май айында Дональд Трамп президент болуп турганда АКШ келишиминен чыгып, Тегеранга каршы санкцияларды калыбына келтирген. Буга жооп катары Иран келишим боюнча милдеттенмелерин этап-этабы менен кыскартканын жарыялаган.
2021-жылдан бери келишимди жандандыруу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп келет, бирок жыйынтык алигиче чечиле элек.

















