Россиянын президенти Владимир Путин Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпин менен телефон аркылуу сүйлөшүү өткөрдү.
ТАСС агенттигинин маалыматына караганда, бул тууралуу Петербург эл аралык экономикалык форумунда мамлекет башчысынын жардамчысы Юрий Ушаков билдирген.
Анын айтымында, сүйлөшүү эки тараптын макулдашуусу менен өткөн. Кремль сүйлөшүү достук жана конструктивдүү мүнөздө болгонун билдирди.
Негизги тема — Жакынкы Чыгыштагы чыңалган кырдаал болду. Москва менен Бээжиндин пикирлери дал келип, Израилдин аракеттери БУУнун Уставына жана эл аралык укуктун нормаларына каршы келет деп белгилешти.
Эки тарап тең Жакынкы Чыгыштагы кырдаалды, ошондой эле Ирандын өзөктүк программасына байланышкан маселелерди күч колдонбостон, тынч жана дипломатиялык жол менен гана чечүү зарыл экенин баса белгилешти.

















