Израилдин чабуулдарына жооп катары Иран тарабынан атылган 20дан ашуун баллистикалык ракета Тель-Авив шаарынын тегерегиндеги жана өлкөнүн түштүгүндөгү объектилерге тийди. Бул тууралуу Yedioth Ahronoth басылмасы жазды.
Маалыматка ылайык, Израилдин абадан коргонуу системалары ракеталарды тосууга аракет кылышканы менен, жок дегенде төрт ракета коргонду жарып өтүп, бутага тийген. Борбордук аймакта соккулар Тель-Авивге, Рамат-Ганга жана Холонго келген, ал эми түштүктө Беэр-Шева шаары жабыркаган. Андагы “Сорока” ооруканасынын аймагына ракета түшкөн.
Израилдин “Кызыл Дөөтү жылдызы” тез жардам кызматы саат 07:10 чамасында сокку болгондугу тууралуу маалымат алып, дароо жабыркаган аймактарга бригадаларын жөнөткөнүн билдирди. Алдын ала маалыматтар боюнча, 23 киши жараат алган, алардын бири оор абалда. Учурда издөө-куткаруу иштери жүргүзүлүп жатат.
Ирандын бул ракеталык чабуулу 13-июнда Израил тарабынан Ирандагы ядролук объектилерге жана аскердик командачылык базаларына жасалган массалык чабуулдарга жооп болду. Ал чабуулдун натыйжасында Ирандын Генштаб башчысы, Ислам революциясынын сакчылар корпусунун командачысы, бир нече жогорку даражалуу офицер жана тогуз ядролук окумуштуу каза болгон.
















