Ирандын Эрак, Тегеран жана Хорремабад шаарларында Израил менен кызматташкан деген шек менен бир нече адам кармалып, көп сандагы мини-дрондор алынганын маалымдашты.
Ирандын Tasnim агенттиги Иран Ислам революциясынын сакчылар корпусунун билдирүүсүнө таянып, Израил менен кызматта болгон адамдар өлкөнүн айрым бөлүктөрүнөн кармалганын кабарлады.
Билдирүүдө белгиленгендей, Борбордук провинциядагы Эрак шаарында Израил менен байланышкан көптөгөн агенттер жана жалданмачылар аныкталып, кармалган.
Тегерандын Бахаристан аймагындагы райондун башкармалыгынын билдирүүсүндө мындай деп айтылат:
«Пикапта жүргөн, “Моссад” үчүн тыңчылык кылган эки адам диверсия жасоого үлгүрбөй кармалды».
Ошондой эле, Тегерандын Рей районунда өткөрүлгөн операция маалында чет өлкөлүк бакалавр студент кармалды. Анын телефонунда дрон жана бомба жасоо боюнча окутуучу материалдар табылган.
Ирандык маалымат каражаттарында чыккан кабарларга караганда, Хорремабад шаарында бир дарыгер жана анын уулу тыңчылык айыбы менен кармалган. Дарыгердин үйүнөн 300гө жакын мини-дрон алынган. Бул дрондор шаар ичинде жайгашкан Имам Али атындагы ракета базасына кол салууда колдонулган делет.
«Дрон базасы» тууралуу дооматтар
Израил маалымат каражаттары Израилдин атайын кызматы «Моссад» Тегеранга жакын жерде “дрон базасын” түзгөн деп доомат кылышкан.
Бул маалыматтардан кийин өлкөдө үч кабаттуу жашыруун цех табылып, анда Израил агенттери мини-дрондорду жана жарылуучу заттарды чогултуп жатканы аныкталган.
Мамлекеттик телеканал цехке жүргүзүлгөн рейддин видеолорун көрсөттү. Видеолордо Рей шаарындагы бул цехте дрон тетиктери жана жарылуучу заттар топтоло турганы көрүнөт.
Коопсуздук күчтөрү өлкөнүн ар кайсы аймактарынан дагы дрон чыгарган цехтерди тапканын жана мындан ары да ушундай жашыруун ишканаларды аныктоо иштери уланып жатканын билдиришти.
Айрыкча Тегеранда жана башка шаарларда Израил үчүн иштеген адамдар кармалганы маалым болду.

















