Ирандын Куралдуу күчтөрү толук куралданып, көп жылдык согушка жана салгылаштарга толугу менен даяр.
Mehr агенттигинин маалыматына караганда, бул тууралуу Ирандын коргоо министри, бригадалык генерал Азиз Насирзаде билдирди.
Анын айтымында, ирандык командирлердин өлтүрүлүшү жана өлүмү өлкөнү коргоого даяр турган куралдуу күчтөрдүн эркин жана чечкиндүүлүгүн эч качан мокотпойт.
«Израилдин ыплас жана кылмыштуу аракеттери сөзсүз түрдө анын бузук жана кайгыга толгон өмүрүнүн кыскаруусуна алып келет. Ошондой эле бул Ирандын күчтүү улуттук эркин, коргонуу жана чабуул мүмкүнчүлүгүн бекемдөө менен бул режимди кулатууга багытталат.
Биз толук даярбыз жана оперативдүү күчтөрүбүздү бардык мүмкүн болгон жолдор менен колдоого алабыз. Биз көп жылдар бою токтобогон салгылаштарга даярбыз, биздин куралдуу күчтөр толук жабдылган.
Израилдин кылмышкерлери биздин куралдуу күчтөрдөн кыйратуучу жана өкүнүчтүү жооп күтүшү керек», — деп баса белгиледи Насирзаде.


















