Орусия Федерациясы Өзбекстандын нотасында камтылган маалыматты кылдаттык менен карап чыгууда жана өтүнүч компетенттүү органдарга жөнөтүлүп жатат.
Бул маалыматты Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Мария Захарова билдиргенин ТАСС агенттиги жазды.
“Алынган объективдүү маалымат белгиленген тартипте Ташкентке жөнөтүлөт”,- деп билдирди М. Захарова.
Анын айтымына караганда, орус тарап Өзбекстандан келген нотадагы маалыматты кылдаттык менен карап чыгууда жана өзбек өнөктөштөрүнүн тийиштүү өтүнүчү компетенттүү органдарга жеткирилүүдө.
“Өзбекстандын элчилигинен нота келип түшкөндүгүнө байланыштуу биз андагы маалыматты кылдаттык менен текшерип жатабыз. Бизде укук коргоо жана башка кызматтар аркылуу түз байланыш каналдары бар экенин белгилегим келет. Шериктештер ортосунда адатка айлангандай, сүйлөшүү ачык болуп, ар кандай сигналдар кылдаттык менен каралат”, – деп белгиледи дипломат.
Буга чейин Өзбекстандын дипломатиялык департаментинин басма сөз катчысы Ахрор Бурханов өлкөнүн Тышкы иштер министрлиги өзбек мигранттарын Орусияда тинтүүгө жана туура эмес мамиле жасап жатканына тынчсызданып жатканын, буга байланыштуу Өзбекстандын Москвадагы элчилиги Орусиянын Тышкы иштер министрлигине түшүндүрмө берүү өтүнүчү менен нота жибергенин билдирген.
Ошол эле маалды министрлик Орусия тарап менен миграция маселелери боюнча кезектеги жыйынын шейшемби күнү өткөргөн.
Эске сала кетсек, Орусиянын укук коргоо кызматкерлери Строгино районундагы мекемелеринин биринде жайгашкан эмгек мигранттарынын жатаканасына “катаал” рейд жүргүзүшкөнүн Gazeta.uz агенттиги жазган.
Маалыматка караганда, орусиялык тартип сакчылар аларга орой мамиле кылышып, бөлмөлөрдөн кууп чыгышкан. Ал эми тартынгандарды чаап, кемсинткен сөздөрду айтышкан.
“Биз мындай көрүнүштөр өлкөлөрүбүздүн ортосундагы достук мамилелерге таптакыр туура келбей турганына жана аларды болтурбоо үчүн конкреттүү чараларды көрүү зарылдыгына көңүл бурдук”, – деп айтылат өзбек тараптын билдирүүсүндө.
Ошондой эле, Орусиянын тиешелүү ведомстволорун Өзбекстандын жарандарына урмат-сый менен мамиле кылууга жана алардын ар-намысын жана кадыр-баркын кемсинтпөөгө чакырган.
“Өзбекстан чет өлкөдө жашаган жана убактылуу жүргөн жарандарынын укуктары менен кызыкчылыктарын коргоону өзүнүн артыкчылыктуу милдети деп эсептейт”, – деп баса белгилеген Өзбекстандын тышкы иштер министрлиги.



















