Түркиянын тышкы иштер министри Хакан Фидан НАТОнун баш катчысы Марк Рютте менен телефон аркылуу Украинадагы жаңжалды токтотуу аракеттерин жана НАТОнун саммитине даярдыктар боюнча маселелерди талкуулады.
Маалыматты министрликтин билдирүүсүнө таянып РИА Новости жазды.
Х. Фидан менен М. Рюттенин телефондук сүйлөшүүлөрү жекшемби күнү болгон.
“Фидан менен Рютте орус-украин чатагын токтотуу боюнча аракеттерди жана 24-25-июнь күндөрү Гаагада өтүүчү НАТОнун саммитине даярдыктарды талкуулашты”, – деп айтылат маалыматта.
Эске сала кетсек, Орусия менен Украинанын ортосундагы сүйлөшүүлөрдүн экинчи айлампасы 2-июнда Стамбулдун Чыраган сарайында өткөн.
Жолугушууда тараптар чыр-чатакты жөнгө салуу боюнча меморандум түзүшкөн.
Ошондой эле Орусия менен Украина туткундарды кеңири масштабдуу алмашуу боюнча макулдашып, оорулуулар жана оор жарадарлар “бардыгы бардыгы үчүн” принциби боюнча жана 25 жашка чейинки туткундардын алмашуусу, бардыгы болуп жалпы чек 1000 адамдан кем эмес болору сүйлөшүлгөн.
Мындан тышкары, тараптар каза болгондордун сөөгүн чогултуу үчүн айрым аймактарда ок атышууну токтотууну макулдашышкан.
НАТОнун саммити 24-25-июнда Гаагада өтөт.



















