Газада ачарчылыктан жабыркап, АКШ көзөмөлүндөгү гуманитардык жардам борборлорунан азык-түлүк алуу үчүн кезекке турган 125 палестиналык Израиль армиясынын чабуулдарынан каза тапты, 736 киши жаракат алды. Бул тууралуу Газа секторундагы палестин өкмөтү билдирди.
Медиа боюнча өкмөттүк кеңсенин маалыматына ылайык, Израиль күчтөрү «израиль-америкалык гуманитардык жардам борборлорунун» жанында беш күн бою элге ок атууларды улантып жатышат.
8-июнда гана Рафах шаарындагы жана «Нетзарим коридору» деп аталган аймактагы жардам пункттарында 13 палестиналык өлтүрүлүп, 153 киши жарадар болгон. Израилдик аскерлер менен кошо америкалык жеке коопсуздук компанияларынын кызматкерлери да чабуулга катышканы айтылууда.
Медиа-баяндамада мындай жардам борборлору Израиль жана америкалык коопсуздук күчтөрү тарабынан көзөмөлдөнгөн ачык аскердик аймактарда жайгашкандыктан, алар «ачка элди кырып жок кылуу үчүн кандуу тузактарга айланып калгандыгы» баса белгиленген.
Өткөн билдирүүлөргө ылайык, 27-майдан 6-июнга чейин мындай чабуулдарда 110 адам каза болуп, 583 киши жаракат алып, 9 адам жоголуп кеткен.
Гуманитардык жардам деген шылтоо менен системалуу кыргын жүрүп жатат
Газадагы палестин өкмөтүнүн жана БАПОР (Батыш Азиядагы Палестиналык Качкындар боюнча БУУнун агенттиги) маалыматына караганда, бул фонддун иши Тель-Авив администрациясынын саясий максаттарына кызмат кылууда.
Эл аралык маалымат каражаттары бул гуманитардык борборлордун чыныгы максаты — БУУ жана башка көз карандысыз гуманитардык уюмдарды четке сүрүп, жардам көрсөтүүгө тоскоол болуу экенин жазышты.
Бул «гуманитардык фонд» Швейцариянын Женева шаарында негизделген жана АКШда өзүн «көз карандысыз» деп жарыялайт. Бирок, аткаруучу директору Жейк Вуд жардам долбоору ачылардан бир күн мурун кызматтан кетүү тууралуу билдирүү жасаган.
Вуд өз билдирүүсүндө:
«Бул долбоор гуманитардык принциптерге шайкеш келбейт. Нейтралдуулук, гуманизм жана көз карандысыздык сыяктуу негизги баалуулуктардан эч качан баш тартууга болбойт», — деген.


















