АКШ президентинин администрациясы журналист Такер Карлсонду видеохостинг TikTok’ко мүмкүн болгон инвесторлордун тизмесине киргизди.
Бул тууралуу Financial Times (FT) басылмасы булактарына таянып жазды.
Маалыматка караганда, талкуулар АКШнын Ак үйү кытайлык ByteDance компаниясы менен TikTok боюнча келишим түзүүгө аракет кылып жаткан учурда башталган.
Газитанын маектештеринин айтымында, Такер Карлсонду инвестор катары АКШнын вице-президенти Жей Ди Вэнс сунуштаган.
Ошондой эле, тизмеге Andreessen Horowitz аттуу венчурдук фонду жана Blackstone инвестициялык компаниясы да кирген.
Ал эми Такер Карлсон FT басылмасына берген комментарийинде, TikTok’ко мүмкүн болгон инвесторлордун тизмеси тууралуу эч нерсе билбей турганын айткан.
















