Россиянын президенти Владимир Путин менен АКШнын президенти Дональд Трамп телефон аркылуу сүйлөшүү өткөрүштү. Бул тууралуу Россия президентинин жардамчысы Юрий Ушаков билдирди.
Анын айтымында, сүйлөшүү болжол менен бир саат он мүнөткө созулган.
«Сүйлөшүү Украинадагы кырдаалды талкуулоо менен башталды. Владимир Путин Стамбулда өткөн Россия менен Украина ортосундагы түз сүйлөшүүлөрдүн экинчи айлампасы тууралуу кеңири маалымат берди. Бул сүйлөшүүлөрдү Киев режими атайын багытталган чабуулдар аркылуу, тагыраак айтканда, жай тургундарга жана жарандык объектилерге кол салуу менен үзгүлтүккө учуратууга аракет кылганы белгиленди», — деди Ушаков.
Анын айтымында, мындай аракеттер эл аралык укук боюнча терроризм катары каралат. «Биздин оюбузча, Киев режими негизинен террористтик уюмга айланып калды», — деп кошумчалады ал.
Ушаков билдиргендей, Россия тарап бул чагымчылыктарга алдырбай, Стамбулдагы экинчи айлампа сүйлөшүүсү ийгиликтүү өткөн.
«Президент сүйлөшүүлөрдүн мазмуну жана жыйынтыктары тууралуу кеңири айтып, бул сүйлөшүүлөр пайдалуу болгонун белгиледи. Тараптар бири-бирине берген меморандумдар Москва менен Киевде анализденет жана андан соң, биз үмүттөнгөндөй, сүйлөшүүлөр улантылышы мүмкүн», — деди Ушаков.
Ошондой эле сүйлөшүү учурунда аскердик аэродромдорго жасалган чабуулдар тууралуу тема да көтөрүлгөн.
«Аскердик аэродромдорго чабуул темасы дагы козголду. Дональд Трамп америкалыктар бул тууралуу алдын ала кабардар болбогонун дагы бир жолу ырастады. Тараптар Украина боюнча байланыштарды улантууну макулдашышты — жогорку деңгээлде дагы, башка каналдар аркылуу дагы», — деп белгиледи Ушаков.
Украина маселесинен тышкары, Ушаковдун айтымында, эл аралык бир катар маселелер да талкууланган. Алардын ичинде АКШ менен Ирандын ортосундагы өзөктүк программа боюнча токтоп калган сүйлөшүүлөр өзгөчө орун алган.
«Дональд Трамп бул жерде Россиянын ортомчулугу пайдалуу болушу мүмкүн экенин айтып, Россия ирандык тарап менен бул багытта иш алып барса ыраазы боло турганын билдирди», — деди Ушаков.
Сүйлөшүү маалында Жакынкы Чыгыш жана Трамптын жеке катышуусу менен токтотулган Индия менен Пакистандын ортосундагы куралдуу кагылышуу да талкууланган.
«Мындан сырткары, президенттер Россия менен АКШнын ортосундагы кызматташтыкты калыбына келтирүү боюнча пикир алмашышты. Эки тарап тең бул кызматташуунун потенциалы жогору экенин белгилешти. Сүйлөшүүнүн жыйынтыгында эки лидер пикир алмашууну оң жана натыйжалуу деп баалашты. Президент Трамп да, биздин президент да байланышты мындан ары да улантууга даяр экенин билдиришти. Ошондой эле, АКШ президентинин өкүлү Стивен Уиткоффтун аракеттери эки тарап тарабынан жогору бааланды», — деп жыйынтыктады Ушаков.


















