4-июнда Улуттук Илимдер академиясында жасалма интеллект борборунун директору Андрей Злотник ачык лекция өтүп, суроолорго жооп берди. Жыйынга академиктер, мүчө-корреспонденттер, илимдин докторлору, кандидаттары, ЖОЖдун окутуучулары катышты.
Алгач Улуттук илимдер академиясынын президенти Канатбек Абдрахматов жыйынды ачып, жасалма интеллект адамды жалкоо кылып, ойлоо жөндөмүн токтотуп салаарын айтып, анын проблемаларына токтолду.
Андрей Злотник жасалма интеллект бизнеске, билимге, илимге жана мамлекеттик секторго, курулушка, соодага, медицинага, ал тургай чыгармачылыкка кандай киргенин мисалдар менен айтып берди.
Ушул тапта мектеп окуучулары, ЖОЖдун студенттери, аспиранттар, илим жактайм деген кандидаттар жасалма интеллектти колдонуп, эмгектерин “жазып” жатышканы тууралуу сөз болду.
Билгенибиз, адам акылдуу “адам” жасады да эми аны менен кадимкидей сүйлөшүп, акылдашып, таарынып калбайбы деп коркуп, ишинин баарын ага жүктөп олтурат. Жасалма интеллект үйлөрдүн архитектуралык долбоорун 1-2 минутада жасоодо, адамдын ким экенин тактап берүүдө, ал тургай чыгармаларды жазууда. Айрым адамдар ага бүтүндөй ишин тапшырып койду.
Бул жакшыбы, жаманбы?
Кимде кандай жооп бар?




















