Түндүк-чыгыш Индияда башталган муссон жамгырларынан улам болгон суу ташкындары жана жер көчкүлөрүнүн кесепетинен каза болгондордун саны 36га жетти, ал эми жабыркагандардын саны 550 миңден ашты.
Бул тууралуу The Hindu басылмасы кабарлады.
Эң көп курмандыктар 29-майдан бери токтобой жааган нөшөрлүү жаан жана дарыялардын ташып кетиши себеп болгон Ассам штатында катталды — 11 адам каза болду, алардын арасында 3 аскер кызматкери бар. Каза болгондор жана дайынсыз жоголгондор тууралуу маалыматтар Аруначал-Прадеш, Мегхалая, Мизорам, Сикким жана Трипура штаттарынан да келди.
Аймактарда 10 миңден ашуун үй зыян тартты, мектептер жабылды, темир жол жана автоунаа байланыштары үзгүлтүккө учурады, калкты азык-түлүк жана биринчи керектөөчү товарлар менен камсыз кылуу кыйындады.
Куткаруу иштерине армиянын бөлүктөрү жана аба күчтөрүнүн тик учактары тартылды.
Сикким штатында суу ташкыны болгон аймактардан 1,6 миңден ашуун турист эвакуацияланды, жапа чеккен райондордон ондогон миң тургундар убактылуу лагерлерге жайгаштырылды.




















